Кыргыз элине белгилүү болгон аял төкмө акындарынын өмүрү жана чыгармачылыгын, айтыштарын, чыгармачылыктагы өзгөчөлүктөрүн, талантынын көп кырдуулугун, ар тараптуулугун ачып көрсөтүү, жалпы эле адабий мурастарын үйрөнүү иштин негизги максаты болуп саналат. Мына ушул негизги максатты иш жүзүнө ашыруу биздин алдыбызга төмөнкүдөй милдеттерди жүктөйт.