Кыргыз профессионал адабиятынын түптөлүшү белгилүү Касымалы Балиновдун ысымына тыгыз байланыштуу. Анын «Ажар» повечти - туңгуч прозалык чыгармалардын бири. «Мурат», «Бактылуу жылкычы», «Жетилген жетим», «Курман жылга», «Көл боюнда» сыяктуу аңгеме, повечттери, «Боордоштор» романы жалпы коомчулукка таанымал. Ал 1902-жылы азыркы Ысык-Көл районундагы Көк-Мойнок айылында орто дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Эки жашка чыкканда энеси Жөргөлөктөн, тогуз жашында атасынан ажырайт. Үркүндө эл менен бирге Кытай жерине качат.